Иммунологдор ракка каршы күрөшүүнүн натыйжалуу жолун табышты

© Sputnik / Алекс Аминев / Медиабанкка өтүүЛабораторияда анализ өткөрүү иштери. Архив
Лабораторияда анализ өткөрүү иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкадагы Фред Хатчинсон атындагы ракты изилдөө борборунун адистери гендик-модификафияланган кандын клеткасын экспериментке катышкандарга салышкан. Он катышуучунун бирөөсүнүн шишиктери азайган.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Доктор Филипп Гринбергдин жетекчилиги алдындагы иммунологдордун тобу иммундук системанын клеткаларын жакшыртып, аны рак шишигин жок кылууга ылайыкташтырган. Бул тууралуу РИА Новости билдирди. 

Изилдөөнүн жыйынтыгы Американын рак ассоциациясынын жылдык конференциясында сунушталган.

Т-лимфоциттери ракка чалдыккан клеткаларды өлтүрөт. Бирок, рак клеткалары Т-лимфоциттерине жолтоо боло турчу белокторду да бөлүп чыгарат.

Эми иммунологдор Т-лимфоциттеринин ишин жакшыртууга көмөк бере турчу антигендерди табууну максат кылып койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0