Японияга жер титирөөдөн кийин калыбына келтирүү үчүн 2,5 млрд. доллар керек

© REUTERS / KYODOКумамото префектурасындагы жер титирөөнүн кесепети. Архив
Кумамото префектурасындагы жер титирөөнүн кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коомдук маанидеги жайларды кайрадан калыбына келтирүү үчүн 2,5 миллиард доллар талап кылынат. Анын 45 миллиону айыл чарбасын бутуна тургузуу үчүн жумшалат.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Японияга Кюсю аралындагы зилзаланын кесепеттерин жоюу үчүн 286,1 миллиард иен (2,5 миллиардга чукул доллар) керектелет деп билдирди Күн Чыгыш өлкөсүнүн өкмөтү.

Япониядагы жер титирөөгө кабылган мекендешибиз профессор Жазгүлдүн каты
14-апрелде Кюсю аралынын борбордук бөлүгүндө катуу жер титиреп, магнитудасы 7,3кө жеткен. Кырсыктын айынан үйлөр урап, унаа жана темир жолдор бузулган. Андан бери жер астындагы силкинүүлөр токтобой келет. Акыркы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн 48 жаран каза таап, миңден ашык адам жаракат алды. Ал эми 94 адам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.

Киодо агенттиги Япония өкмөтү Кюсю аралындагы социалдык маанидеги объектилерди калыбына келтирүү үчүн 2,5 миллиард доллар талап кылынарын, ал эми бул сумманын 45 миллиону айыл чарбасын бутуна тургузуу үчүн жумшалышы керектигин кабарлады. 

Зилзала кесепетинен орто жана чакан ишканалар 1,4 миллиард долларга чукул зыян тарткан.

Эпицентри Кумамото шаарына жакын жайгашкан бул жер титирөө 2011-жылы Япониядагы болгон цунами трагедиясынан кийинки ири кырсык болуп калды. Ал учурда 15 метрлик толкун келип Фукусима АЭСин талкалап, дүйнө боюнча Чернобылдан кийинки радиациялык кооптуулукту жараткан абал түзүлгөн. Андан каза таап жана өлүү-тирүүсү белгисиз болгон адамдарды саны 20 миңге жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0