Венесуэла кургакчылыктан улам эл аралык жардамга муктаж болууда

© Sputnik / Дмитрий Знаменский / Медиабанкка өтүүКаракас шаары. Архив
Каракас шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жамгырдын жаабай калышы суу сактагычтардагы суунун көлөмүн кескин төмөндөтүп жиберген.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Венесуэланын президенти Николас Мадуро мамлекеттик телеканал аркылуу эл аралык коомчулуктан кургакчылыкты жоюуга жардам сурады.

Жамгырдын жаабай калышы суу сактагычтардагы суунун көлөмүн кескин төмөндөтүп жиберген. Мындан улам электр энергияны өндүрүү көлөмү кыскарган. 

"Биз БУУга кайрылып, алардан илимий жана техникалык колдоо сурадык. Анткени алдыңкы айларда кырдаалды турукташтырбасак болбойт", — деди президент. 

Мадуронун айтымында, Боливар штатындагы "Эль-Гури" суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн мынчалык төмөндөшү тарыхта биринчи жолу кездешүүдө. 

Жаңылыктар түрмөгү
0