Карабахтагы абал курчууда — жабырлануучулар да, өлгөндөр да бар

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүКарабахтагы аскер. Архив
Карабахтагы аскер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азербайжан да, Армения да бири-бирин ок атууну убактылуу токтотуу боюнча келишимди бузду деп келет. Анткен менен жабырлануучулар ооруканаларга кайрылышууда.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Карабахтагы атышуулардан улам Азербайжандагы ооруканаларга жабырлануучулар жардам сурап кайрылышууда. 

РИА Новости агенттигинин журналистинин айтымында Карабахтагы Бардин диагностикалык борборунда абал оор. Бир адам эс-учун жоготуп, кечээ эки киши каза болгон. 

Мурдараак Sputnik Азербайджан агенттиги өлкөнүн коргоо министрлигине таянуу менен тынчтык режими 116 жолу бузулганын кабарлаган. 

Ал эми Sputnik Армения агенттиги Карабахтагы аскер бийлигине таянуу менен Азербайжан куралдуу күчтөрү Карабахтын аскерлерин аткылап жатканын билдирген. 

Карабах боюнча сүйлөшүүлөр жакында башталышы мүмкүн
Карабах чатагы 2016-жылдын 2-апрелде кайрадан башталып, бирок 5-апрелде гана атышууну убактылуу токтотуу боюнча мунасага келишкен. Азербайжандын Коргоо министрлиги да, Армения да бири-бирин ок атууну убактылуу токтотуу боюнча келишимди бузду деп келет. 

БУУнун маалыматы боюнча чыр-чатактын айынан 33 адам каза болуп, дагы 200ү жаракат алган.

Азербайжан менен Армения Тоолуу Карабахтын айынан 1988-жылдын февралынан бери чатакташып келет. Анда армян эли басымдуулук кылган Карабах автономиялуу облусу Азербайжандын курамынан чыкканын билдирген. 1991-жылдын сентябрь айында борбор калаа болгон Степанакертте Тоолуу Карабах Республикасынын түзүлгөндүгү жарыяланган. Азербайжан андагы аскерий чыр-чатактан кийин Карабахка көзөмөл кыла албай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0