Чагылган тийип, комада жаткан голкипер бир айдан кийин каза болду

© AFP / SAEED KHANСиднейдеги чагылган. Архив
Сиднейдеги чагылган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сиднейдеги стадиондордун биринде машыгуу учурунда чагылган түшүп ал дарбазачы менен футболчуга тийген. Дарбазачы эсине келбей, ооруканада каза болгон.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Австралиялык дарбазачы Стефан Петровски чагылган тийгенден кийин ооруканада өзүнө келе албай, бир айдан кийин каза болду. Бул тууралуу Австралиянын Футбол федерациясынын сайтында маалымдалат. 

Аталган окуя 5-апрелде машыгуу учурунда болгон. Чагылган дарбазачы Стефан Петровски менен анын жанында турган жарым коргоочу Мухд Афик Азуанга тийген.

 

 

18 жаштагы дарбазачы комага түшүп, бир айдан кийин каза болду. Ал эми жарым коргоочунун абалы канааттандырарлык деп бааланууда. 

Стефан Петровски Малайзиянын "Мелака Юнайтед" командасында ойночу.

Жаңылыктар түрмөгү
0