"Тоттенхемдиктер" "Челсинин" машыктыруучусу Гус Хиддинкти жөөлөп, жыгып салышты

© REUTERS / John Sibley"Челси" командасынын машыктыруучусу Гус Хиддинк
Челси командасынын машыктыруучусу Гус Хиддинк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Англиянын биринчилиги үчүн таймашта мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберген "Тоттенхемдин" футболчулары кызуу кандуулукка алдырып жиберишти

БИШКЕК, 3-май. — Sputnik. "Тоттенхем" футбол клубунун оюнчулары "Челси" командасынын машыктыруучусу Гус Хиддинкти жерге жыгып салышты.

 

 

Зидан Чемпиондор лигасында кайтадан шымын айрып алды
Эки клубдун ортосундагы беттеш Англиянын премьер-лигасынын 36-турунун алкагында "Челси" — "Стемфорд Бриж" стадионунда өттү. Оюн 2:2 эсеп менен аяктады. Эгер "Тоттенхем" оюнду жеңип алганда чемпиондук үчүн күрөшүүнү уланта бермек. Оюндун тең эсеп менен соңуна чыгышы "Лестер Сити" командасынын тарыхта биринчи жолу Англиянын мөөнөтүнөн эрте чемпиону болуусун шарттады

Оюндан кийин "Тоттенхем" менен "Челси" командалары кагылыша кетишти. Окуянын чоо-жайы азырынча тактала элек, бирок маалымат каражаттары буга таймашта мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберген "Тоттенхемдин" футболчулары кызуу кандуулукка алдырып жиберишти деп жазышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0