Өспүрүмдөрдүн ден соолугун алкоголдон кийин ой келди жыныстык катнаш бузары аныкталды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөлөр эң негизги коркунуч 10-24 жаш аралыгындагы балдар арасында жаралып жатканын көрсөткөн.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Мындан 25 жыл мурда секс коомчулук үчүн азыркыдай коркунуч жараткан эмес. Бул тууралуу Lancet журналына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Окумуштуулардын айтымында, буга чейин ден соолукка зыян алып келчү коркунучтардын тизмесинде секс 13-орунда турган. Бирок бүгүнкү күндө ал алкоголдон кийинки экинчи орунга көтөрүлдү. 

Изилдөөлөр эң негизги коркунуч 10-24 жаш аралыгындагы балдар арасында жаралып жатканын көрсөткөн. 

"Бул көйгөй дарыгерлердин балдарга жасаган начар көзөмөлүнөн улам болуп жатат. Алар ВИЧтин тарап жатканына да кош көңүл мамиле жасап жатышат", — деп билдирет окумуштуулар. 

Дүйнө жүзү боюнча жаштар менен өспүрүмдөрдүн саны болжол менен эки миллиардды түзөт. Окумуштуулар бул санды эске алуу менен ар бир мамлекеттин бийлигин жаштардын саламаттыгын сактоого күч жумшоого чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0