Окумуштуулар уйкунун бузулушу менен эске тутуунун байланышын аныкташты

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЛекциядагы студенттер. Архив
Лекциядагы студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тажрыйбалар чычкандарга жүргүзүлгөн. Окумуштуулар куш уйку салуу учурунда чычкандардын нейрондоруна нурлуу импульстар менен таасир беришкен. Анын натыйжасында чычкандар бир нече жолу көргөн нерсесин унуткан.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Уйкунун бузулушу эске тутууга терс таасир берерин РИА Новости Science журналына шилтеме берүү менен билдирди. 

Эт тартуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: эттен баш тарткандар көп жашайт
Окумуштуулар мындай жыйынтыкка чычкандарга жасалган бир нече тажрыйбанын жыйынтыгында келишкен. Чычкандарга бир күн бою эки форманы көрсөтүшкөн. Бирок алардын бирөө такай алмашып турган. Жаңы коюлган формаларды чычкандардын кызыгуу менен изилдеп жатканны окумуштуулар байкап, чычкандар дагы бир нерсени эстеп калат деген жыйынтыкка келишкен.

Окумуштуулар куш уйку салуу учурунда чычкандардын нейрондоруна нурлуу импульстар менен таасир беришкен. Анын натыйжасында чычкандар бир нече жолу көргөн нерсесин унуткан.

Алынган бул жыйынтыктарга таянуу менен окумуштуулар уйкунун бузулушу эске тутуу жөндөмдүүлүгүн азайтат деген тыянакка келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0