2016-жылдын апрель айы эң ысык мезгилдердин катарына кирди

© Sputnik / Виталий Карпов / Медиабанкка өтүүМетеорологдор. Архив
Метеорологдор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Метеоролог Эрик Хольтхаустун билдиришинче күндүн ысыктыгынан океандагы муздар ээрип жатат.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын апрель айы байкоо жүргүзүлүп келе жаткан жылдан берки эң ысык убак болду. Бул тууралуу NASA изилдөө борборунун окумуштуулары билдиргенин РИА Новости маалымдады.

2016-жыл ысык жылдардын катарына кирүүдө. Окумуштуулардын болжолунда бул көрүнүш уланышы мүмкүн.

Кийинки аптада АКШнын океан жана атмосфера тармагын иликтеген окумуштуулар изилдөөлөрүн жарыялайт. Анда да үстүбүздөгү жыл ысык болгону айтылууда.

Метеоролог Эрик Хольтхаустун билдиришинче күндүн ысыктыгынан океандагы түбөлүк муздар ээрип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0