Багдадда катары менен төрт жарылуу болуп, кеминде 15 киши көз жумду

© REUTERS / Thaier Al-SudaniБагдаддын түндүк тарабында жайгашкан газды кайра иштетүүчү заводдогу жарылуунун кесепети.
Багдаддын түндүк тарабында жайгашкан газды кайра иштетүүчү заводдогу жарылуунун кесепети. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршембиден бери 140 киши Иракта жасалган терактылардын курмандыгы болгон.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Багдаддагы жана анын жака-белиндеги төрт жолку жарылуудан кеминде 15 киши көз жуумп, 46га жакыны жарадар болду. Бул туурасында РИА Новости Ассошиэйтед Пресс агенттигине шилтеме берип, кабарлады.

Эль-Латифия шаарында мина коюлган автоунаа жарылып, жети кишинин өмүрүн алды. Алардын ичинен экөө аскер кызматкерлери экендиги аныкталды. 18 киши ар түрдүү жаракаттарды алды.

Ирактын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иракта ИМ согушкерлери "Реалдын" фанаттарына кол салып, 16 жаран каза болду
Дагы үч терактынын кесепетинен сегиз киши жан таслим болуп, 28и ооруканага жеткирилген. 

Буга чейин Багдаддын түндүк тарабында жайгашкан газды кайра иштетүүчү заводдогу жарылуудан 14 киши өлүп, 27си жабыр тартканы айтылган. Агенттик заводдо кол салгандар "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлери экени аныкталганын жазды.

Мындан эки күн мурда "Ислам мамлекети" террористтик тобунун согушкерлери Иракта "Реал Мадрид" командасынын күйөрмандарына кол салып, 16 киши каза болду. 

Шаршембиден бери 140 киши Иракта жасалган терактылардын курмандыгы болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0