Кытайда эки буттап баскан улак табылды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүУлактар. Архив
Улактар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улак туулгандын эртеси эле алдыңкы эки буту менен басып кеткен.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кытайда эки буттап баскан улак табылды. Майып мал тууралуу маалыматты Кытайдын CCTV телеканалы Facebook тармагындагы баракчасына чыгарган.

Улак Кытайдын Юньнань провинциясында 2015-жылы жарыкка келген.

Телеканал улак алдыңкы эки буттап басып эле тим болбостон ары-бери чуркап, тынбай секиргенди да жакшы үйрөнүп алганын белгилейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0