Окумуштуулар мээдеги рак шишиги менен күрөшүүнүн жолун тапты

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүМээнин рентген сүрөтү. Архив
Мээнин рентген сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар кандай терапияларга туруктуу келген рак клеткаларынын өсүүсү Emx2 гени активдешкенде басаңдай турганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Изилдөөлөрдү жүргүзүүчү эл аралык мектептин адистери мээдеги рактын эң коркунучтуу түрү менен күрөшүүнүн жолун табышты. Бул тууралуу Oncotarget медициналык басылмасына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Лекциядагы студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар уйкунун бузулушу менен эске тутуунун байланышын аныкташты
Эң коркунучтуу деп эсептелген глиобластома аталышындагы мээ рагын дарылоонун ачкычы болуп Emx2 аталышындагы ген болуп эсептелет. 

Ар кандай терапияларга туруктуу келген рак клеткаларынын өсүүсү Emx2 гени активдешкенде басаңдай турганы белгилүү болду. 

Окумуштуулар бул ачылыш рак шишигинин чоңоюп кетүүсүн алдын алууга жардам берерин белгилешет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0