Анжелина Жоли: качкындарга гуманитардык жардам көрсөтө албай калдык

© REUTERS / Soe Zeya TunАмерикалык актриса жана БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын өкүлү Анжелина Жоли. Архив
Америкалык актриса жана БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын өкүлү Анжелина Жоли. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евробиримдиктин Frontex чек ара агенттигинин акыркы маалыматы боюнча өткөн жылдын он айынын аралыгында аталган шериктештиктин аймагына 1,8 миллион мигрант кирген.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Америкалык актриса жана БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын өкүлү Анжелина Жоли качкындарга гуманитардык жардам көрсөтүп келген эл аралык система иштебей калды деп эсептейт. Бул туурасында РИА Новости Би-Би-Си телеканалына таянуу менен билдирди.

Жоли "согуштар менен чатактар ушунчалык көп болуп, эбегейсиз аймактарды камтып жаткандыктан" качкындарды коргоп жана мекенине кайтара турган система иштебей калганын айткан. Мындан сырткары качкындардан, "миграция коркунучунан" өздөрүн оолак кармап, "төмөн тургандарды кубалоого" катышып жаткан өлкөлөрдү булардын алдын алуусун айтты.

Чек арадагы качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Норвегия өлкөдөн чыгып кеткен качкындарга акча төлөөгө даяр
Европа Дүйнөлүк биринчи согуштун учурунан бери эле миграциялык каатчылыктан улам жабыр тартып келет. Биринчи иретте Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африканын куралдуу чыр-чатактары жана экономикалык көйгөйлөрү алардын чекесине чыккан чыйкан болууда. 

Евробиримдиктин Frontex чек ара агенттигинин акыркы маалыматы боюнча өткөн жылдын он айынын аралыгында Евробиримдикке 1,8 миллион мигрант келген. Германиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматында 2015-жылы өлкө аймагына бир миллиондон ашуун качкын кирген. 

Мигранттардын агымынан улам Бельгия, Дания, Германия, Венгрия, Австрия, Словения, Швеция жана Норвегия өздөрүнүн чек арасына убактылуу көзөмөл койгон. Венгрия менен Словения анысын алып салды. Франция 2015-жылы 13-ноябрда Парижде жасалган терактыдан кийин климаттык саммитке байланыштуу убактылуу көзөмөл киргизди.

Жаңылыктар түрмөгү
0