Багдаддагы эки жарылуу 44 адамдын өмүрүн алып кетти

© REUTERS / Wissm al-OkiliТеракт на рынке на севере Багдада
Теракт на рынке на севере Багдада - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катары менен эки ирет болгон терактыдан жүзгө чукул киши жабыркады.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Ирактын борбору Багдад шаарында болгон эки жарылуудан каза болгон адамдардын саны 44кө жетти. Анын 38и шаардын түндүк тарабындагы базардагы болгон жарылуудан көз жумган. Бул тууралуу Рейтерге шилтеме берип РИА Новости жазып чыкты.

Түркия полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Стамбулда теракт болду
Маалыматка ылайык, биринчи жарылуудан 70тен ашуун адам жабыркаса, экинчи терактыдан алты адам каза болуп, 21 киши жараат алган.

Ушу тапта Ирак мамлекетинде "Ислам мамлекетинин" активдешүүсүнөн улам коопсуздук жаатында кырдаал бир топ татаалдашып кетти. Багдад жана ага коңшу жайгашкан аймактарда байма-бай жарылуулар болуп, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери менен жай тургундар өмүрү менен кош айтышкан учурлар көп кездешүүдө. Шаршемби күнү бир нече теракт катталып, андан 94 адам каза болгон. Жарылуунун жоопкерчилигин "Ислам мамлекети" террористтик тобу моюндаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0