Хилари Клинтон жазган китебинен беш миллион доллар пайда тапкан

© AFP / KENA BETANCURАКШнын президенттигине талапкерлердин бири Хиллари Клинтон. Архив
АКШнын президенттигине талапкерлердин бири Хиллари Клинтон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Китепте Барак Обама менен президенттик шайлоо учурундагы ийгиликсиз күрөшү, мамкатчылык кызматындагы оош-кыйыш учурлар баяндалган.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. АКШнын президенттигине талапкерлердин бири Хиллари Клинтон өткөн жылдын 1-январынан бүгүнкү күнгө чейинки кирешелери тууралуу маалымат таратты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

АКШнын мурдагы биринчи айымы жана мамлекеттик катчысынын кирешесинин арбын бөлүгүн "Кыйын чечимдер" китебинен түшкөн калем акы түзгөн. Анда 2008-жылдагы Барак Обама менен президинттик шайлоо учурундагы ийгиликсиз күрөшү, 2009-2013-жылдардагы мамкатчылык кызматындагы оош-кыйыш учурлары баяндалган.

Кандидат на пост президента США от Республиканской партии Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Трамп мигранттардын экинчи 11-сентябрды кайталарынан шек санабайт
Клинтон атаандашы, Республикачылар партиясынын чыгып жаткан талапкер Дональд Трампка салык декларациясы боюнча маалыматты коомчулук үчүн ачыкка чыгарууга чакырды. Анда анын оокат-жайынын көлөмү, каржылык жактан баалоосу жана сындоо мүмкүнчүлүгү белгилүү болот деп белгилеген. 

Клинтон 1976-жылдан тарта АКШнын президенттигине талапкерлер өздөрүнүн салыктык декларацияларын эл алдында жарыялап келе жаткандыктарын эстетти.

Трамп мындан мурдараак 2015-жылдын июль айынан тарта кирешелер туурасындагы декларация боюнча маалыматтарды таратып, 557 миллион доллар иштеп тапкандыгын жана аны 10 миллиард долларга көбөйткөндүгүн билдирген. Анткен менен Трамптын салык декларациясын көрбөй туруп, анын байлыгынын канча экендигин баалоо мүмкүн эмес деп айтышты эксперттер.

Жаңылыктар түрмөгү
0