Москвада банкты барымтага алган киши жок кылынды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМужчина, захвативший заложников в офисе МКБ, ликвидирован в ходе спецоперации
Мужчина, захвативший заложников в офисе МКБ, ликвидирован в ходе спецоперации - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полициянын билдиришинче кылмышкер 4,7 миллион рубль жана 13 миң евро талап кылган.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Атайын даярдыктагы аскерлер Москвадагы банктардын бирин барымтага алган кылмышкерди жок кылышты. Бул тууралуу РИА Новости Москванын укук коргоо органдарына таянуу менен жазып чыкты. 

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүАтайын даярдыктагы аскерлер Москвадагы банктардын бирин барымтага алган кылмышкерди жок кылышты.
Атайын даярдыктагы аскерлер Москвадагы банктардын бирин барымтага алган кылмышкерди жок кылышты. - Sputnik Кыргызстан
1/4
Атайын даярдыктагы аскерлер Москвадагы банктардын бирин барымтага алган кылмышкерди жок кылышты.
© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүПолициянын айтымында, кылмышкер 4,7 миллион рубль жана 13 миң евро талап кылган.
Полициянын айтымында, кылмышкер 4,7 миллион рубль жана 13 миң евро талап кылган. - Sputnik Кыргызстан
2/4
Полициянын айтымында, кылмышкер 4,7 миллион рубль жана 13 миң евро талап кылган.
© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүү18-май күнү Москва шаарынын Биринчи Май, №5 дареги боюнча жайгашкан банкка беткапчан адам кирип, андагы адамдарды барымтага алган.
18-май күнү Москва шаарынын Биринчи Май, №5 дареги боюнча жайгашкан банкка беткапчан адам кирип, андагы адамдарды барымтага алган. - Sputnik Кыргызстан
3/4
18-май күнү Москва шаарынын Биринчи Май, №5 дареги боюнча жайгашкан банкка беткапчан адам кирип, андагы адамдарды барымтага алган.
© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЖабыркагандар жок. Учурда тергөө амалдары башталды.
Жабыркагандар жок. Учурда тергөө амалдары башталды. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Жабыркагандар жок. Учурда тергөө амалдары башталды.
1/4
Атайын даярдыктагы аскерлер Москвадагы банктардын бирин барымтага алган кылмышкерди жок кылышты.
2/4
Полициянын айтымында, кылмышкер 4,7 миллион рубль жана 13 миң евро талап кылган.
3/4
18-май күнү Москва шаарынын Биринчи Май, №5 дареги боюнча жайгашкан банкка беткапчан адам кирип, андагы адамдарды барымтага алган.
4/4
Жабыркагандар жок. Учурда тергөө амалдары башталды.

Барымтага алган кылмышкер өз алдынча жасалган жардыруучу затты күйгүзүүгө аракет кылган. Полициянын айтымында, кылмышкер 4,7 миллион рубль жана 13 миң евро талап кылган. 

Тапанча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: 450 миң долларын жолдон тоноткон ишкер ок жеп, шектүү үч жаран кармалды
Маалыматка ылайык, 18-май күнү полицияга билдирүү түшүп, анда Москва шаарынын Биринчи Май, №5 дареги боюнча жайгашкан банкка беткапчан адам кирип, андагы адамдарды барымтага алганы айтылган. Кийинчерээк атайын даярдыктагы аскерлердин жардамы менен банктагылар чыгарылган. Бирок беткапчан адам банкка кирген учурда кассир өз бөлмөсүндө бекинип алгандыктан, ал банкта калып калган. Көп өтпөй чүмбөтчөн адам имаратка бомба коюлганын айтып, акча талап кыла баштаган. Атайын даярдыктан өткөрүлгөн аскерлердин жардамы менен кылмышкер жок кылынды. 

Жабыркагандар жок. Учурда тергөө амалдары башталды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0