ММК: Каирди көздөй учуп бара жатып жоголгон учак деңизге кулаган

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүДеңиз. Архив
Деңиз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анда 58 жүргүнчү жана экипаждын 10 мүчөсү болгон. Учак Шарль-де-Голдон Париж убактысы боюнча 23:09да учуп кеткен.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Egyptair авиакомпаниясынын Парижден Каирди көздөй учуп бара жатып, радардан жоголгон учагы Жер ортолук деңизге кулап түшкөн. Бул тууралуу РИА Новости "Маядин" телеканалына таянуу менен жазып чыкты.

Эскерте кетсек, Egyptair авиакомпаниясынын Парижден Каирди көздөй учуп бара жаткан MS804 рейстеги учагы радардан жоголгону кабарланган. 

"Egyptair авиа компаниясындагы өздүк булактар жоголгон учак Жер ортолук деңизге кулап түшкөнүн тастыкташты", — деп айтылат маалыматта. 

Учакта 58 жүргүнчү жана экипаждын 10 мүчөсү болгон. Учак Шарль-де-Голдон Париж убактысы боюнча 23:09да учуп кеткен. Борт Грециянын аба аймагына киргенден 20 мүнөттөн соң радардан көрүнбөй калган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0