Түркияда полициянын рейди учурунда бир согушкер жардыруу жасады

© REUTERS / Murad SezerСотрудники полиции Турции. Архивное фото
Сотрудники полиции Турции. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Газиантеп провинциясынын губернатору террорчудан сырткары жарылуудан эч ким каза таппагандыгын билдирди.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкери деп болжомолдонгон киши Газиантеп шаарында полиция рейд жүргүзүп жаткан учурда жардыруу жасаган. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигинин маалыматына таянып кабарлады.

Ислам мамлекети террордук уюмунун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Стамбулда "Ислам мамлекетинин" террорчулукка шектелген 10 мүчөсү кармалды
Газиантеп провинциясынын губернатору террорчудан сырткары жарылуудан эч ким каза таппагандыгын айтып берген. "Ислам мамлекетинин" согушкери деп шек жараткан дагы бир киши кармалган.

Буга чейин Түркиянын чалгындоо кызматы 19-май — Жаштар жана спорт күнү болгон улуттук майрамда Анкарада теракт болушу мүмкүндүгүн кабарлаган. Басылманын түрк атайын кызматтарындагы булактарына таянып билдиргенине караганда, Кемал Ататүрктүн мавзолейи, АКШнын элчилиги жана аскер бөлүктөрдүн бири бутага алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0