Кытайда 15 сантиметрлик куйругу бар балага операция жасалды

Жазылуу
Өтө сейрек кездешүүчү мындай окуяны дарыгерлер эненин кош бойлуу кезинде фолий кислотасынын жетишсиздигине байланыштырууда.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Кытайдын Сичуань провинциясындагы Ю-бин шаардык оорукананын хирургдары Ян Ян аттуу баланын 15 сантиметрлик куйругун операция жолу менен алышканын The Мetro басылмасы жазды. 

Баласын "кичинекей ажыдаар" деп атаган ата-эне анын 11 айга толушун күтүшкөн, себеби бул убакта оор операцияны жасоого мүмкүн болот.

"Башында мен анын жалаяктарын алмаштырганда куйругу жолтоо болчу эмес, бирок убакыт өткөн сайын ал оңтойсуздук жаратты. Балабыздын тамак сиңирүүсү да начарлады. Андыктан операция жасатууну чечтик", — деп баланын апасы билдирди.

Аял үч айлык боюнда бар убакта фолий кислотасынын жетишсиздигинен жабыркаган. Бул түйүлдүктөгү баланын нерв системаларынын бузулушуна алып келип, куйруктун пайда болушун шарттаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0