Жолдошунун телефонун текшерген аял өлкөдөн чыгарылды

© flickr.com / LuisWhatsApp программасы. Архив
WhatsApp программасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депортацияланган айымга 40 миң доллар айып пул салынды.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бириккен Араб Эмиратында (БАЭ) жолдошунун телефонун текшерген аял соттун чечими менен өлкөдөн депортацияланды. Бул тууралуу Британиянын Independent басылмасы жазып чыкты 

Телефон кармаган, паранжачан аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Сауд Аравияда күйөөсүнүн телефонун текшерген аялдар түрмөгө түшүшү мүмкүн
Маалыматка ылайык, Аджман провинциясынын жашоочусу өзүнүн колуктусуна каршы полицияга арызданган. Ал жубайы телефонундагы СМСтерди уруксатсыз текшерип, сүрөттөрдү WhatsApp аркылуу көчүрүп жүргөнүн айткан. 

Буга ылайык, адамдардын жеке жашоосун коргогон киберкылмыштуулук боюнча мыйзамды бузду деген кине менен араб жаранынын жубайы өлкөдөн депортацияланып, 40 миң доллар айыпка жыгылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0