Ирак премьери: Эль-Фаллужа шаарын террорчулардан бошотуу башталды

© AFP / AHMAD AL-RUBAYEИрак аскерлери. Архив
Ирак аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аскер күчтөрү шаарды таштап кетпей турган жергиликтүү элди согушкерлердин базасынан окчун болуп, үйлөрүнө ак желек илип коюну сунушташкан.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Ирактын премьер-министри Хайдер Аль-Абади дүйшөмбү күнү Эль-Фаллужа шаарын "Ислам мамлекети" террордук уюмунан бошотуу боюнча операциянын башталгандыгын айтты. Бул тууралуу Sputnik Ирактын басылмаларына таянып маалымдады.

"Эль-Фаллужа шаарын бошотууга мезгил жетти", — деп билдирген премьер-министр. 

Багдаддагы эки жарылуу 44 адамдын өмүрүн алып кетти
Анын айтымында, операцияга куралдуу күчтөрдүн бардыгы, ал тургай бийликтен өзүнчө бөлүнүп алып күрөшкөндөр катышууда. 

"Ислам мамлекети" террордук уюму Эль-Фаллужа шаарын 2014-жылдан тарта кармап турат. Буга чейин жекшемби күнү Ирактын аскер күчтөрү аталган калаадан жергиликтүү элдин чыгып кетүүсүн эскерткен. Ал эми шаарды таштап кетпей тургандарды согушкерлердин базасынан окчун болуп, үйлөрүнө ак желек илип коюну сунуштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0