Эл аралык космостук станциясынан жерге көрүнүш. Архив

Астронавт космостон түнкү Кыргызстанды сүрөткө тартып алды

759
(жаңыланган 13:34 23.05.2016)
Сүрөт Эл аралык космостук станция түнкү Кыргызстандын үстүнөн учуп бара жатканда жасалган.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Британиялык астронавт Тим Пик Эл аралык космостук станциянын бортунан тартып алган Кыргызстандын сүрөттөрүн Twitter жана Facebook баракчаларына жарыялады.

Сүрөт аталган космостук станция түнкү Кыргызстандын үстүнөн учуп бара жатканда жасалган. Анда Ала-Тоо тоо кыркалары жана Ысык-Көл көрүнүп турат.

Тим Пиктин сүрөттөрү "Ай жарыгындагы Кыргызстандын тоолору" деген комментарий менен коштолгон. 

Астронавттын Facebook баракчасындагы сүрөткө 20 сааттын ичинде 6700 "лайк" басылып, 319 ирет "бөлүнгөн". Ал эми твиттегисине 2121 "лайк" басылып, 752 ретвит болгон.

Буга чейин астронавт Жерде күн күркүрөп чагылган түшүп жаткандагы видеосун жарыялаган. 

Тим Пик Улуу Британиядан "Союз ТМА-19М" кемесинин бортуна чыккан жана ушул өлкөдөн космостук станцияда иштеп жаткан алгачкы мырза болуп саналат.

759
Белгилер:
Сүрөт, космос, станция, Кыргызстан
Тема боюнча
Космосту Кыргызстан кантип багынткан. Сыймыктана турган алты факты
Россия менен Кытай биргелешип башка планеталарды иликтөөгө ниеттенип жатат