Красноярскиде кен урап 150 киши жер алдында камалып калды

© Sputnik / Виталий Безруких / Медиабанкка өтүүКрасноярск крайындагы "Восточный" кени. Архив
Красноярск крайындагы Восточный кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карьерде 150дөй киши бар экени айтылууда. Алар 300 метрден 560 метрге чейинки тереңдикте турушат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жумушчулардын арасында КР жарандарынын бар-жогун текшерип жатат.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Красноярск крайында "Восточный" кенинин бир тарабы урап калды. Бул тууралуу ӨКМнын аймактагы өкүлү Алена Алексишина билдирди.

Шахтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кызыл-Кыядагы көмүр шахтасында үч адам ууланып, эки бир тууган каза болду
Анын айтымында, окуя эртең менен эрте Еруда айылына жакын жерде болгон. Жумушчулар жабыркаган эмес, бирок 150дөй киши жер алдына камалып калган.

ӨКМ кырсыкка жер астындагы суулар себеп болгонун айтууда. Учурда окуя болгон жерде ыкчам штаб иштеп, адамдар эвакуацияланууда.

Кыргызстандын Тышкы иштери министрлиги ушу тапта жабыркагандардын арасында КР жарандарынын бар-жогун тактап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0