Якутияда ооруну WhatsApp аркылуу аныктаган дарыгер жазаланышы мүмкүн

© flickr.com / Jan PersielМобильное приложение WhatsApp
Мобильное приложение WhatsApp - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер нөөмөтүнө келбегендиктен, медайым ага WhatsApp аркылуу баланын колу тартылган рентген кагазын сүрөткө тартып жөнөткөн.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Якутиянын Намск районунун прокуратурасы баланын рентгенге тартылган колунун WhatsApp аркылуу сынган-сынбаганын аныктаган ишти текшерип жатат. Бул туурасында аталган райондук прокуратуранын сайтында кабарланган.

Дем алыш күндөрү аталган райондун борбордук ооруканасына колу сынды делген 10 жашар баланы алып келишкен. Кабыл алуучу жайга нөөмөттө турган хирург-дарыгер чакырылган.

"Дарыгер бейтапты кароо үчүн келген эмес. Медайым ага WhatsApp аркылуу чөнтөк телефон менен баланын колу тартылган рентгенди жөнөткөн", — деп айтылат сайттагы маалыматта. 

Азырынча аталган жол менен дарттын дабасы туура же туура эмес коюлганын прокуратура так билдирген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0