Сирияда бүгүн катары менен бир нече жардыруу болду

© REUTERS / SANAСириянын Тартус шаарындагы жарылуу
Сириянын Тартус шаарындагы жарылуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир күндө Сириянын эки шаарында автобекет, май куюучу бекет жана имараттар да талкаланды.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Сириянын Жабла жана Тартус шаарларында жарылуулар болуп, жүзгө чукул киши жабыркады. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. 

Ислам мамлекети террордук уюмунун согушкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сирияда согушкерлер эки жигиттин колу-бутун керип, жыгачка кагып салышты
Жабла (Латакия провинциясы) калаасында автобекет менен энергокомпаниясынын ортосундагы жерде жана шаарга кире бериште теракт жасалган. Мындан бир аз убакыт өтпөй жан кечти жергиликтүү оорукананын Тез жардам бөлүмүндө өзүн жардырып жиберген. 

Ушул эле сааттарга көлөмү боюнча өлкөдөгү экинчи ири порт шаар Тартуста автобекеттин имаратында жардыруу болгон. Экинчиси, май куюучу бекеттин жанында жасалган. 

Латакия — Сириянын батышында жайгашкан. Провинциянын борбору өлкөнүн ири порт шаары болуп эсептелет. Акыркы күндөрү өкмөттүн армиясы Россиянын аскер аба күчтөрүнүн жардамы менен региондун көп бөлүгүн өзүнүн колуна алган. Учурда Россиянын аскеринин арбын бөлүгү чыгарылып кеткен. Ал эми калган тик учак менен учактар террорчулар турган аймактарга сокку урууну улантып жатышат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0