Кытайда унаа үстүнөн жүрө турган автобустун концепти тартууланды

Жазылуу
Аталган автобус 1200 адамды батырат. Анын узундугу 32 метр, бийиктиги 4,6 метр, ал эми туурасы сегиз метрге жетет.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кытайдын борбору Пекин шаарында өнүккөн технологиялар боюнча көргөзмө өтүп, анда унаалардын үстүнөн жүргөн TEB (Transit Elevated Bus) аталышындагы автобустун концепти сунушталды. Бул тууралуу CCTV каналы билдирди. 

Аталган автобус жол тыгындарын азайтууга багытталган. 

ССТV телеканалынын билдиришинче автобус 1200 адамды батырат. Анын узундугу 32 метр, бийиктиги 4,6 метр, туурасы сегиз метрге жетет.

Конструкторлор коомдук унааны үстүбүздөгү жылдын экинчи жарымында Циньхуандао шаарындагы Хэбэй провинциясында сынап көрүүнү пландоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0