Абаканда 300 баланын өмүрүн сактап калган полиция Эрдик ордени менен сыйланды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүПолиция кызматкерлери. Архив
Полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Полиция кызматкери балдарды алып бара жаткан автобус менен жеңил унаанын кагышып кетүүсүнүн алдын алган. Бул үчүн ал өз кызматтык унаасын колдонгон.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Абакандагы Александр Косолапов аттуу полиция кызматкери 300 баланын өмүрүн сактап калганы үчүн Эрдик ордени менен сыйланды. Бул тууралуу Хакасиянын ИИМнин маалымат кызматы билдирди. 

Косолапов 25-июлда тогуз автобустан турган колоннаны коштоп бара жаткан. Анда 300 бала болгон. Алар ден соолукту жакшыртуучу лагерден келе жатышкан. 

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алматы — Бишкек жолунда каза болгон жарандын сөөгү Кыргызстанга алып келинди
Абакан — Ак-Довурак трассасында чоң ылдамдыкта келе жаткан жеңил унаа каршы сызыкка чыга келген. Полиция кызматкери унаа менен автобустун бет маңдай кагышуусун алдын алуу үчүн өз өмүрүн тобокелге салып, унаасы менен ортого келип туруп калган. 

Катуу соккунун айынан кызматтык унаа талкаланып, жараксыз абалга келген. Ал эми полиция кызматкери оор жаракат алып Абакан шаардык ооруканасына жеткирилген. Аны менен жеңил унаанын айдоочусу менен төрт жүргүнчүсү да ооруканага кайрылууга мажбур болушкан. Ал эми автобустагы өспүрүмдөр жабыр тартышкан эмес. 

Хакасиянын Ички иштер министрлиги менен өкмөтүнө республиканын жашоочулары гана эмес Россиянын башка аймактарынын тургундары тарабынан ыраазычылык каттар келип түшкөн.

Александр Косолаповдун ден-соолугу калыбына келиши үчүн жарым жыл убакыт талап кылынган. Азыр ал кызматтык ишине кайтып келди. 

"Ал окуядан кийин жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Мурдагыга караганда жакындарым менен өткөргөн убакытты баалачу болдум", — деп билдирди Косолапов. 

Эрдик көрсөткөн кызматкерге орден тапшырып жатып, Хакасиянын ИИМ башчысы Илья Ольховский ага ден-соолук каалап, катарда ушундай кызматкерлер бар экендиги менен сыймыктанарын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0