Ташбака. Архив

Россияга ташылып бараткан 8 миңге жакын таш бака Казакстанга кайтарылды

(жаңыланган 10:59 28.05.2016)
Аны ташып бара жаткан киши административдик жоопкерчиликке тартылып, айып пул салынган.

БИШКЕК, 28-май – Sputnik. Казакстандан 8 миң 200 ташбаканы Оренбург облусуна автоунаага салып ташып бара жаткан жарандар кармалып, жаныбарлар артка кайтарылды. Бул туурасында РИА Новости Россиянын ИИМине шилтеме берүү менен билдирди. 

Сегиз миңден ашуу таш бакаларды 13-апрелде Россиянын айыл чарбасына көзөмөл кылуу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери "Илек" көзөмөл өткөрүү жайынан кармаган. 

Бул жаныбарларга жазылган документтер, тагыраагы, ветеринардык сертификаттар болгон эмес. Аны ташып бара жаткан киши административдик жоопкерчиликке тартылып, айып пул салынган. Таш бакалар Казакстанга кайтарылганга чейин Оренбург мамлекеттик педагогикалык университети менен ыктыярчылардын кароосунда болгон. 

"Жаныбарларды берип жатканда Россия ИИМдин Оренбург облусу боюнча башкармалыгы Казакстандын Айыл чарба министрлигине таш бакаларды кайтарылгандан кийин алардын табигый жайына коё берүү боюнча макулдашуу түздү", — деп айтылат маалыматта.

Жаныбарларды кайтарып берүүгө айыл чарба министрлигинин алдындагы тармактык бирикме жоопкер болду.

Белгилер:
Ташбака, Казакстан, Россия
Тема боюнча
Кыргызстанда интернет аркылуу 1,5 миң долларга марал саткан жаран изделип жатат
Екатеринбург шаарындагы мигранттар. Архив

Россияда мигрант куруучулардын реестрин түзүү сунушталууда. Максаты кандай

(жаңыланган 16:02 22.04.2021)
Жаңы эреже мигранттарга жумушка оңой орношууга, айлык акысын убагында алып, жакшы шарттарды талап кылууга жардам берери айтылууда.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Россияда Куруучулардын улуттук бирикмеси курулуш тармагында иштеген мигранттардын реестрин түзүүнү сунуштап жатат. Бул тууралуу бирикменин жетекчиси Антон Глушков РИА Новости агенттигине билдирди.

Анын айтымында, учурда Россияга келген куруучулар ден соолугу тууралуу маалым кат даярдап, орус тилинен экзамен тапшырып, ошондой эле жумушка орношуу үчүн документтерди тууралашы керек.

"Мындан ары аларды Россияга келе жатканда эле бирдиктүү реестрге катталууга милдеттендирүүнү сунуштап жатабыз. Бул нерсе мигранттарга жумушка оңой орношууга, айлык акысын убагында алып, жакшы шарттарды талап кылууга жардам берет. Мындан тышкары, салык жагынан ачык-айкындуулук пайда болмок", — деди Глушков.

Ошондой эле жетекчи бул тизме учурда кайсы куруучу иштеп, кайсынысынын колу бош экенин аныктап, тез аранын ичинде аны жаңы объектиге жайгаштырууга мүмкүнчүлүк түзөрүн кошумчалады.

Буга чейин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "ири пландарды ишке ашыруу үчүн мигранттар жетишсиз болуп жатканын, жумушчу күчтүн тартыштыгы өзгөчө курулуш тармагында байкалганын" билдирген.

Белгилер:
реестр, курулуш, мигранттар, Россия
Тема боюнча
Песков: ири пландарды ишке ашыруу үчүн Россияга мигранттар жетишпей жатат
Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев. Архивдик сүрөт

Министр: Кыргызстан Казакстанга берген электр кубатынан пайда көрөт

(жаңыланган 12:10 22.04.2021)
Казакстан электр энергиясынын бир киловатт-саатын 2,9 центтен сатып алууну сунуштаган, ал эми Кыргызстан 2,4 центке макул болгон. Бирок тараптар башка чечимге келишти.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстан менен Казакстан электр кубатын бири-бирине берүү боюнча макулдашкандыгын энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Аткаминер Казакстан электр энергиясынын бир киловатт-саатын 2,9 центтен сатып алууну сунуштаган, ал эми Кыргызстан 2,4 центке макул болгон. Бирок тараптар кийинчерээк товар алмашуу боюнча макулдашкан.

"Быйыл Казакстан биздин энергосистемага 900 миллион киловатт-саат берет. Ал эми коңшуларга Токтогул суу сактагычына эквиваленттик көлөмдө суу топтоп, камсыздап беребиз. Биз үч жылдын ичинде миллион киловатт-сааттык сууну кое берип, ошол эквивалентте кутулабыз. Бул электр кубатын иштеп чыгуу үчүн сууну түтүк аркылуу агызышыбыз керек. Товар алмашууну нөлдүк коюм менен жасоону чечтик", — деди министр.

Ал электр энергиясын коңшулардан Кыргызстанга алып келип же аларга жеткирүү чыгымын казак тарап өз мойнуна аларын кошумчалады.

"Кыргызстан транзиттин эсебинен пайда көрөт. Бул киловаттына 0,0000001 доллар болот", — деген министр.

Эске салсак, Токтогул суу сактагычындагы суу былтыркыга салыштырмалуу 3 миллиард куб метрге аз.

Белгилер:
алмашуу, сатуу, электр кубаты, Казакстан, Кыргызстан
Тема:
Жапаров электр кубатынын баасын көтөрүүнү сунуштады
Тема боюнча
Жапаров электр кубатынын тарифин эки эсеге көтөрүүнү сунуштоодо
Туристтер аэропортто. Архив

Көкөй кескен COVID: Кыргызстанга келем деген турист көп, бирок батынбай жатышат

(жаңыланган 16:18 22.04.2021)
Келе жаткан жайда туризм тармагын калыбына келтирүү үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын Туризм департаментинен айтып беришти.

Өткөн жылы коронавирус пандемиясынан улам чек аралар жабылып, башка тармактар сыяктуу эле туризм дагы ири чыгымга учураган.

Албетте, бардыгы калыбына келе жатат деп айтууга эрте. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда дагы COVID-19 кайрадан кулачын жая баштады.

Эки анжы болуп турган мындай учурда туризм кайсы багытта кетип, жаңы жагдайга ылайыкташуу үчүн кандай аракеттер көрүлүп жатканын Sputnik редакциясына Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаментинен айтып беришти.

Электрондук сертификаттар

Азыр туристтер Кыргызстанга чет элдиктер үчүн ушул жылдын январь айында иштелип чыккан алгоритмдин негизинде кирип-чыгып жатышат. Тагыраагы, ар бир жүргүнчү ПЦР-тесттин таза деген жыйынтыгын көрсөтүшү керек. Учакта атайын анкеталар таратылып, аларды жүргүнчүлөр толтуруп, санитардык-карантиндик түйүндүн кызматкерлерине көрсөтүшү шарт.

Бирок жакында туристтерге "Коопсуз саякат" (Safe travel) электрондук сертификаты бериле баштай турганын Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.

Заведующая отделом правового обеспечения, лицензионного контроля и организационной работы Департамента информации и массовых коммуникаций при Министерстве культуры, информации и туризма Кыял Кенжематова
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова
"Дүйнө жүзүндө коронавируска каршы эмдөө башталып, учурда чет элдиктер Кыргызстанга вакцина алгандыгы тууралуу сертификат менен кирсек болобу деп кызыгып жатышат. Андыктан эрежелерди бир аз өзгөртүп, электрондук сертификат киргизгени жатабыз. Ал аркылуу адамдын эмделгени тууралуу маалымат алсак болот", — деди Кенжематова.

Визасыз режим

Тышкы иштер министрлиги туризм тармагын өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга тогуз өлкөнүн жарандарын 60 күнгө чейин визасыз режим менен киргизүүнү демилгелеп, документ парламентте биринчи окууда каралды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга 53 өлкөнүн жарандары визасыз кире алса, эми бул тизмеге Албания, Болгария, Вьетнам, Израиль, Кипр, Македония, Румыния, Таиланд жана Мексиканы кошуу сунушталууда.

Автоунааларга уруксат берүү

Туризм департаментинен билдиришкендей, учурда Кыргызстанга автоунаа менен 33 өлкөнүн жарандары кире алат. Калгандары чек араны учак менен гана басып өтүшү керек. Ошол себептүү бул тизмени дагы кеңейтүү маселеси каралып жатат.

"Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан мамлекеттеринде алыскы чет өлкөлөрдөн, анын ичинен Европадан келген туристтер көп. Изилдеп көрсөк, алар Борбордук Азияга келген соң бир эле өлкө менен чектелбей бир нечесин кыдыргысы келет экен. Арасында Кыргызстанга келүүнү каалагандар көп. Бирок ушу турган жерден автоунаа менен кире албай жатышат", — деди департамент өкүлү Кенжематова.

Аба каттамдары

Туризмди илгерилеттүү үчүн Тамчы айылындагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна аптасына бир иреттен Россиянын Ростов-на-Дону, Санкт-Петербург, Москва, Екатеринбург, Уфа жана Новосибирск шаарларынан чартердик каттамдар жасалууда.

Күндүзгү стационардагы медицина кызматкери. Архив
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Туризм департаментинен башка өлкөлөр менен байланышты күчөтүү үчүн Jazeera Airways, Wizz Air жана TMG авиакомпаниялары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн айтышты.

"Бардыгы Кыргызстанга каттоого даяр, болгону дүйнөдөгү эпидемиологиялык абал тоскоолдук жаратууда. Jazeera Airways компаниясы Эль-Кувейт — Бишкек — Эль-Кувейт каттамын,  Wizz Air авиакомпаниясы Бишкек —  Будапешт —  Бишкек, Бишкек — Абу-Даби — Будапешт — Бишкек каттамдарын аткарууга, TMG компаниясы Түштүк Кореядан туристтерди алып келүүгө макул болгон", — деди департамент жетекчисинин орун басары.

Чет элдиктер Кыргызстанга келүүнү каалайбы?

Кыргыз туроператорлор ассоциациясы Кыргызстанга алыскы чет өлкөлөрдөн туристтерди тартуу менен алектенет. Анын аткаруучу директору Нурбек Сапаровдун айтымында, чет элдиктер Кыргызстанга келүүдөн чочулап турушат.

Директор Кыргызской ассоциации туроператоров Нурбек Сапаров на брифинге в мультимедийном пресс-центре Sputnik Кыргызстан.
© Sputnik / Асель Сыдыкова
Кыргыз туроператорлор ассоциациясы директору Нурбек Сапаров
"Былтыркыга салыштырмалуу бир аз бар. Ишкерлер бир айда бир группа болсо, ошого ыраазы болуп жатышат. Көпчүлүк чет элдиктер алдын ала жолдомо алганга батынбай турушат. Бүгүн алып алса, эртең чек араны жаап койсо кандай болот деген маселе баарын түйшөлтүүдө", — деди Сапаров.

Ал эми Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийине эс алуучулардын басымдуу бөлүгү коңшу өлкөлөрдөн жана Россиядан келишет. Мекеменин директору Лира Батырбекова кыш айларында туристтер көп болгону менен март, апрель айында эл азайып калганын айтат.

Президент Ассоциации курортов Кыргызстана Лира Батырбекова
© Фото / пресс-служба правительства КР
"Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийдин директору Лира Батырбекова
"Орозо айына байланыштуубу же эпидемиологиялык абал таасир этип жатабы, айтор, азыр коноктор азайып калды. Биздин кардарларыбыздын негизги бөлүгү болуп эсептелген россиялыктар дагы кызыгып сурап, бирок ошол бойдон эле токтоп калып жатышат. Жакында Екатеринбургда өткөн туристтик жарманкеге биздин өкүл барып келди. Кызыккандар абдан көп. Анткен менен эпидемиологиялык абал көкөйдү кесип турат", — деди директор.

Буга чейин өкмөттөн мурдагыдай катаал чектөөлөр азырынча киргизилбесин, бирок коомдук жайларда, эл көп топтолгон жерлерде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук нормалары күчөтүлөрүн айтып келишкен.

Анткен менен 22-апрель күнү Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстанда коронавирустун төрт — "британиялык", "түштүк африкалык", "индиялык" жана "россиялык" штаммы аныкталганын билдирди.

Белгилер:
коронавирус, алгоритм, каттам, аракет, пандемия, туризм, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстандын өкүлдөрү Екатеринбургдагы туристтик көргөзмөгө катышты
Айла кеткенде... Европадагы өлкө ар бир туристке 200 евро төлөп берүүгө даяр