Италиялык жаран алиментин пицца менен төлөмөй болду

© Sputnik / Сергей Кузнецов / Медиабанкка өтүүПицца көтөрүп бараткан кыз. Архив
Пицца көтөрүп бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ашпозчунун аялы буга чейин эле үй ээси кызын бага албай калды деп аны сотко берген.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Италияда шаардык сот эркек кишиге алимент төлөмүн пицца менен төлөөгө уруксат бергенин The Local гезити жазып чыкты. 

Кызын көтөрүп жаткан ата. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атанын жашы жана адаты баланын ден соолугуна таасир берери аныкталды
Соттук териштирүүгө чейин кыздын атасы ай сайын 300 доллардан төлөп турууга милдеттендирилген. Бирок италиялыктын буга чама-чаркы жетпей калгандан кийин мурунку жубайы аны сотко берген. 

Кыздын атасы пицца жасагыч болгондугун эске алып, сот ага алиментти пицца менен төлөөгө уруксат берген.

Эми италиялык жаран 300 евронун ордуна пицца жана башка нан азыктарын жөнөтүп турмай болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0