Мексикада беткапчан адамдар улуттук кураманын футболчусун уурдап кетишти

© REUTERS / Henry Romero/Мексиканын футбол боюнча курама командасынын оюнчусу Алан Пулидо. Архив
Мексиканын футбол боюнча курама командасынын оюнчусу Алан Пулидо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тамаулипас штатынын башкы прокурору Исмаэль Кинтанилья аталган фактыны тастыктады.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Беткап кийген белгисиз адамдар Мексиканын футбол боюнча курама командасынын оюнчусу Алан Пулидону уурдап кетишти. Бул тууралуу РИА Новости Associated Press басылмасына таянуу менен жазып чыкты. 

Аргентиналык футболчу оюн талаасында жан таслим болду
Буга чейин массалык маалымат каражаттары 25 жаштагы "Олимпиакоса" клубунун оюнчусу Сьюдад-Виктория шаарында ишемби күнү уурдалганын жазып чыгышкан. 

Оюнчу дос кызы менен кечеден келе жатканда жүк ташуучу унаалар анын унаасын тосуп, алты беткапчан адам Пулидого күч колдонуу менен алып кетишкен. Анткен менен чүмбөтчөн адамдар дос кызына тийген эмес.

Тамаулипас штатынын башкы прокурору Исмаэль Кинтанилья аталган фактыны тастыктаган. 

"Биздин маалыматтар боюнча куралчан адамдар Пулидону уурдап кетишкен. Азыр кайсыл жерде экени белгисиз", — деди прокурор Кинтанилья. 

Учурда Мексиканын бийлиги футболчуну издөөнү улантып жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0