Кореяда 20-кабаттан секирип өлгөн студент дагы бир кишини ала жатты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСеул шаарындагы көп кабаттуу үйлөр. Архив
Сеул шаарындагы көп кабаттуу үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучулар жакынкы ооруканага жеткирилген, бирок экөө тең каза болуп калган.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Түштүк Кореяда жанын кыюуга аракет кылган студент терезеден секирип, өтүп бара жаткан кишинин үстүнө кулаган. Натыйжада экөө тең каза болду. Бул тууралуу Ренхап агенттигине таянуу менен РИА Новости билдирди. 

Күйүп жаткан тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция: Жалал-Абаддагы жаран өзүн акчанын айынан өрттөп жиберген
Окуя өлкөнүн түштүк аймагындагы Кванжу шаарында болгон. Мамлекеттик кызматкер уулу жана жубайы менен көчөдө басып баратса, үстүнө 20-кабаттан секирген студент кулап түшкөн. Экөө тең ооруканага жеткирилгени менен бирөө да аман калган эмес. Студент 25 жашта болсо, кызматкер 38 жашта экени аныкталды.

Маалыматка ылайык, полиция атасыз калган үй-бүлөнүн камсыздандыруу төлөмүн тез арада алуусу үчүн кырсыкты "Кокусунан адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоого ниеттенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0