Швейцарияда эң узун туннель курулду — узундугу Бишкектен Токмокко чейинки аралыктай

© AFP / FABRICE COFFRINГотард туннелинин жанында бараткан поезд. Архив
Готард туннелинин жанында бараткан поезд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Готард туннелинин узундугу 57 чакырым, туурасы 1,6 чакырымды түзөт. Анын жардамы менен Миландан Цюрихке чейин барууда бир саат үнөмдөөгө болот.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Швейцарияда тоо кыркаларынан өткөн Бишкектен Токмокко чейинки аралыктагы эң узун туннель курулду. Бул тууралуу CNN басылмасы жазып чыкты.

Токтогул суусунан өтчү 3 млрд. долларлык көпүрөнүн макети жасалды
Маалыматка ылайык, Готард туннелинин узундугу 57 чакырым, туурасы 1,6 чакырымды түзөт. Анын жардамы менен Миландан Цюрихке чейин барууда бир саат үнөмдөөгө болот. 

Туннель аркылуу биринчи болуп Швейцариянын президенти Йоханн Шнайдер-Амманн, Германиянын канцлери Ангела Меркель, Франция президенти Франсуа Олланддар өтүштү. 

Курулуш иштери 17 жылга созулган туннелдин баасы 12 миллиард долларды чапчыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0