Ирак: согушкерлердин колунда калган Эль-Фаллужаны бир аптада бошотобуз

© AFP / AHMAD AL-RUBAYEИрак аскерлери. Архив
Ирак аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Согушкерлер үчүн Эль-Фаллужа борбор калаа Багдадга террордук чабуулдарды жасоо үчүн ыңгайлуу жай болуп эсептелет.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террордук уюмунан Эль-Фаллужа шаарын бошотуу үчүн Ирак өкмөтүнүн армиясына бир жумага чукул убакыт керек. Бул туурасында Sputnik маалымат агенттигине Ирак өкмөтүнүн өкүлү Басам аль-Хусайни билдирди. 

Эль-Фаллужа шаарын бошотуу 23-майда башталган. Багдаддын батыш бөлүгүн карай кеткен шаар эки жылдан ашуу террорчулардын колунда турган. Аталган калаага ээлик кылып туруу Багдадга жакын болгону менен маанилүү. Согушкерлер үчүн Эль-Фаллужа борбор шаар Багдадга террордук чабуулдарды жасоо үчүн ыңгайлуу жай болуп эсептелет.

"Үч-төрт күнү ичинде, эң көп дегенде бир жума ичинде Эль-Фаллужа согушкерлерден бошотулат. Бул жүз пайыз боло турган иш", — деди аль-Хусайни.

Ал чабуулдар Ирак бийлигинин жай жарандардын өмүрүн кыйып алуудан саксактап турганынан улам жайлап жаткандыгын белгиледи. Атка минердин пикиринде, Эль-Фаллужанын бошотулушу менен "Ислам мамлекети" террордук уюмунун Ирактагы күчтөрүнө бөгөт коюлат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0