Колумбияда 10 миң адам бир сүрөтчү үчүн дырдай жылаңач болуп чечинди

© REUTERS / John VizcainoКолумбиянын борбору Богота шаарында 10 миңдеген адам атактуу фотограф Спенсер Туниктин флешмобу үчүн аянтка келип, чечинди.
Колумбиянын борбору Богота шаарында 10 миңдеген адам атактуу фотограф Спенсер Туниктин флешмобу үчүн аянтка келип, чечинди. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндүн бир оокумунда аянтка келген эл күндүн салкынына карабай жылаңачтанды.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Колумбиянын борбору Богота шаарында жекшембинин түнүдө 10 миңдеген адам атактуу фотограф Спенсер Туниктин флешмобу үчүн аянтка келип, чечинди.

Финал конкурса Мисс США в Лас-Вегасе - Sputnik Кыргызстан
Апта ирмеми: Мухаммед Алинин өлүмүнөн 10 миң жылаңач колумбиялыкка чейин
"Шаардын борборуна келгендер Туниктин сөзүнө макул болуп, дырдай жылаңачтанышты", — деп билдирген Blu радиосу.

Түндүн бир оокумунда аянтка келген эл күндүн салкынына, тагыраагы абанын температурасы 10 градус болгондугуна карабай чечинип сүрөткө түштү.

Акцияга катышкандардын өздөрүнүн эсебинде Боготадагы кафедралдык собордо 10 миңге жакын адам чогулган. Фотограф Туник сүрөттөр менен видеону декабрь айында Боготанын заманбап музейине коюуга убада берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0