Японияда алаканга баткыдай кичинекей дрон ойлоп табышты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКвадрокоптер. Архив
Квадрокоптер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дрон навигациялык GPS системасы менен иштеп, компас, 8 миллионд пикселдик фотокамера менен жабдылып, 20-30 метр бийиктикке көтөрүлө алат.

БИШКЕК, 7 — июн. — Sputnik. Япониялык технологдор салмагы 200 граммга жеткен ультра жеңил дронду ойлоп таап, зилзаладан жабыр тарткан Кюсю аралында сынап көрүштү. Бул туурасында РИА Новости "Никкэй" басылмасына таянып кабарлады.

Бишкекте лупа менен окула турган эң кичинекей Куран китеби көрсөтүлдү
Япониянын картография боюнча Токидогу борбору илимий-технологиялык изилдөөлөр институту менен дрондордун бир нече эксперименттик түрлөрүн түзүп чыккан. Алар жакында эле Кюсю аралынын Кумамото префектурасындагы зилзала кесепеттерин иликтөө максатында пайдаланылган. 

Андай дрондордун бири "мульткоптер" деп аталып, эң жеңил заттардан жасалган. Учкучсуз көтөрүлө турган бул кичинекей техника алаканга гана батып, батареясы менен кошкондо салмагы 199 граммды түзөт.

Дрон навигациялык GPS системасы менен иштеп, компас, сегиз миллион пикселдик фотокамера менен жабдылып, 20-30 метр бийиктикке көтөрүлө алат. Ал жердеги объектилерди үч мерчемдүү кылып көрсөтөт. Дрондун уча турган жолун ноутбук-компьютер менен аныктап берүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0