Испанияда бейтаптын ордуна баңги зат ташып келе жаткан Тез жардам кармалды

© AFP / PIERRE-PHILIPPE MARCOUИспаниядагы тез жардам унаасы. Архив
Испаниядагы тез жардам унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунаадагы экинчи текченин алдына кабатталган материалдардын алдына катылган баңги затты кызматтык иттер таап чыккан.

БИШКЕК, 7-июн. – Sputnik. Испаниянын атуулдук гвардиясы баңги заты менен келе жаткан Тез жардам автоунаасын кармаган. Бул туурасында аталган ведомстводон кабарлашкан.

Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аскер кызматкери нашаа менен кармалды
Гвардиячылар кызматтык иттер менен текшере келгенде автоунаадагы экинчи текченин алдына кабатталган материалдардын алдына катылган баңги зат табылган.

Текшерүү операциясы Мадриддеги автономиялык жамааттын фермасынын аймагында болгон. Анын натыйжасында испаниялык эмес, марокколук жана доминикандык ташуучулар кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0