АКШда 11-сентябрдагы терактынын курмандыктарын издеген акыркы ит өлдү

© AFP / DOUG KANTERАмериканын Нью-Йорк шаарында 2001-жылдын 11-сентябрындагы болгон ири теракттын кесепети. Архив
Американын Нью-Йорк шаарында 2001-жылдын 11-сентябрындагы болгон ири теракттын кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аны карылыгы жеткенден кийин дүйшөмбү күнү Хьюстондогу ветеринардык клиникада ийне сайып, түбөлүккө уктатышты.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Американын Нью-Йорк шаарында 2001-жылдын 11-сентябрындагы болгон ири теракт учурунда уранды алдында калгандарды издөө иштерине катышкан ит 16 жашында өлдү. Бул туурасында РИА Новости Ассошиэйтед Пресс агенттигине шилтеме кылып берди.

Ал сары итти Бретань деп аташа турган. Аны карылыгы жеткенден кийин дүйшөмбү күнү Хьюстондогу ветеринардык клиникада ийне сайып, түбөлүккө уктатышты. 

2001-жылдагы теракт алааматында Бретань эки жаш курагында Дениз Корлисс аттуу кинолог менен урандылардын алдына тирүү калгандарды издеген. Тогуз жашка чыкканда аны кызматтан бошотушкан. Ал эми 15ке чыкканда кинолог Корлисс терактыдан курман болгондорго арналып орнотулган мемориалга алып барган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0