Ливиялык аскерлер Жер ортолук деңизде жүздөн ашуун мигранттарды сактап калды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКемеге отуруп жаткан качындар. Архив
Кемеге отуруп жаткан качындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал жерге жетип барган куткаруучулар мигранттарга шыкалып ордунан жыла албай калган катерди көргөн.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Ливиялык кемелер Жер ортолук деңизден 117 мигрантты, анын ичинен кош бойлуу алты аялды сактап калды. Бул туурасында РИА Новости Ассошиэйтед Пресс агенттигине таянып кабарлады.

Италия: мигранттар аларды баш калкалатып турган имаратты өрттөп жиберишти
Кечээ жээктеги күзөт кызматы Триполинин түндүк-чыгыш тарабындагы аймактагы кеменин кырсыкка кабылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал жерге жетип барган куткаруучулар мигранттарга шыкалып ордунан жыла албай калган катерди көргөн. Алардын бардыгы Триполинин бийлигине өткөрүп берилип, кош бойлуу аялдар ооруканага жаткырылды. 

Өткөн аптада куткаруучулар Ливиянын жээгинен 110 мигранттын өлүгүн тапкан. Бозгундар түшкөн кайык кыязы, ала салып кетип, ичиндегилер сууга чөккөн.

Европа Дүйнөлүк биринчи согуш учурунан бери эле миграциялык каатчылыктан улам жабыр тартып келүүдө. Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африканын куралдуу чыр-чатактары жана экономикалык көйгөйлөрү аларды кыйнап турган чак.

Маалыматтарда өткөн жылдын он айынын ичинде Евробиримдикке 1,8 миллион мигрант келгени айтылып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0