АКШ дүйнөдөгү эң ири делген чалгындоо спутнигин учурат

© NASAКосмостон жердин көрүнүшү. Архив
Космостон жердин көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Космостук аппарат АКШнын чалгындоо боюнча маалымат топтомун байытуу максатында башка өлкөлөрдү "жашыруун тыңшоолор" үчүн пайдаланылаары айтылууда.

БИШКЕК, 9-июн. – Sputnik. АКШ бейшемби күнү чалгындоо спутнигин учурат деп билдирди United Launch Alliance компаниясынын оператору.

Delta 4-Heavy деген аталыштагы ракетаны кечинде америкалык аскер аба күчтөрүнүн Канаверал тумшугунан учурат. Аскер космостук чалгындоо боюнча борбордук башкармалыктын буюртмасы менен орбитага "дүйнөдөгү эң ири делген" спутинк учурулат. 

Венера планетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Акацуки" спутниги жакында Венеранын атмосферасын видеого тартып баштайт
Spaceflight Now порталынын божомолдоруна караганда, космостук бул аппарат АКШнын чалгындоо боюнча маалымат топтомун байытуу максатында башка өлкөлөрдү "жашыруун тыңшоолор" үчүн пайдаланылат. 

Аба ырайынын шарттары анын 40 пайыз ийгиликтүү учуусун камсыз кылат, эгерде ала булут арбын каптаса, ишти ишембиге калтырышары айтылууда. 

Spaceflight Now порталы Mentor деп аталган аппарат абдан чоң антенна менен жабдылган, эгерде жазса узундугу 100 метрге жетет деп жазды. 

Спутник болжол менен кайсыл аймакка жайгаштырылары жана анын камтуу аралыгы азырынча белгисиз. Андан сырткары, орбитадагы эскирди делген, 1980-90-жылдары учурулган Mentor же Magnum үлгүсүндөгү спутниктерди алмаштара алабы же жокпу, ал жагы да арсар. Акыркы Mentor космоско 2012-жылы жөнөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0