Кенияда маймыл бүтүндөй өлкөнү үч саат жарыксыз калтырды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМаймыл. Архив
Маймыл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаныбар Gitaru гидроэлектростанциясынын үстүнө чыгып барып, иштеп жаткан трансформаторго кулап түшкөн.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кениядагы тентек маймыл бүтүндөй өлкөнү үч саат электр энергиясыз калтырды. Бул тууралуу британиялык The Telegraph басылмасы жазып чыкты. 

Жаныбар Gitaru гидроэлектростанциясынын үстүнө чыгып кабелдерден ары-бери секирип жатып иштеп жаткан трансформаторго кулап түшкөн. Мындан улам агрегат иштен чыгып, бир катар станциялар жабыркаган да, өлкө боюнча жарыктын өчүшүнө алып келген. 

Маалыматка ылайык маймыл оор жараат алган эмес, учурда абалы жакшы. Ал жергиликтүү табиятты коргоо бөлүмүнө өткөрүп берилди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0