Словенияда Зика вирусун жуктурган алгачкы бейтап катталды

© REUTERS / Paulo WhitakerЗика оорусун тараткан Aedes albopictus чиркейи. Архив
Зика оорусун тараткан Aedes albopictus чиркейи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул дарт Латын Америкасын кыдырып келген бир кишиден табылган.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Словениянын бийлиги өлкө аймагында биринчи жолу Зика дарты катталганын билдирди.

Бул илдет Латын Америкасын кыдырып келген бир кишиден табылган. Өлкөнүн саламаттык сактоо мекемелери табылган дарт башка жарандар үчүн коркунучтуу эместигин айтып, бирок бейтаптан өзүнүн абалы тууралуу эч кандай маалымат беришкен эмес.

Зика дартына чалдыккан учурлар буга чейин бир катар мамлекеттерде катталып, анын ичинде Россияда да аныкталган

Жаңылыктар түрмөгү
0