Марселдеги баш аламандыктан 40ка жакын киши жабыркады

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүФранциянын Марсел шаарында Россия менен Англиянын командалары тең чыккандан кийин болгон жаңжал
Франциянын Марсел шаарында Россия менен Англиянын командалары тең чыккандан кийин болгон жаңжал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евро-2016 оюндарынын алкагында Францияда өткөн Россия менен Англиянын курама командалырынын беттеши 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Франциянын Марсел шаарында Россия менен Англиянын командалары тең чыккандан кийин болгон жаңжалдан жабыр тарткандардын саны 40ка жакындаганын РИА Новости агенттиги Provence басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

Акыркы күндөрү Марселдеги эски портто англиялык жана россиялык фанаттардын, жергиликтүү калк менен полициянын ортосунда кагылышуу болгон. Буга чейин маалымдалгандай ишемби күнү бул жаңжалдан жабыр тарткандардын саны 31 кишиге жеткен болчу.

Акыркы маалыматтарга ылайык, төрт киши оор жаракат алган.

Белгилей кетсек, Евро-2016 оюндарынын алкагында Францияда өткөн Россия менен Англиянын курама командалырынын беттеши 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0