Япониялык окумуштуулар тайфундарга учак аркылуу көз салат

© AP Photo / Bullit MarquezТайфундун абалын кузөтүп аткан метеорологдор. Архив
Тайфундун абалын кузөтүп аткан метеорологдор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин айтымында, учак аркылуу көзөмөл циклондордун траекториясын аныктоого жардам берет.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Япониялык метеорологдор 30 жыл ичинде алгачкы ирет тайфундарга учак аркылуу көз салат. Бул тууралуу РИА Новости NHK телеканалына таянуу менен жазып чыкты. 

Адистердин айтымында, учак аркылуу көзөмөл циклондордун траекториясын аныктоого жардам берет.

Буга чейин табият кырсыгы спутник аркылуу изилденип келген. Технологиянын өнүгүүсүнө карабай маселе жакшы нукка чечилген эмес.

"Нагоя университетинин окутуучулары жана метеорология изилдөө институтунун окумуштуулары 2017-жылдан тарта циклондорго көз салууну учак аркылуу жүргүзөт", — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Японияда учак аркылуу табият кырсыгынын алдын алуу боюнча мындай изилдөө 1987-жылы жүргүзүлгөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0