Түрк гезити Орландодо ок жеп каза болгондорду "бузукулар" деп атады

© REUTERS / Adrees LatifОрландодогу болгон окуядан кийин кол кармашган жуптар. Архив
Орландодогу болгон окуядан кийин кол кармашган жуптар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын Yeni Akit гезитинин интернет версиясы "Бузуку-гомосексуалисттер барган түнкү клубда каза болгондордун саны 50гө жетти" деген тема менен маалымат тараткан.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Көп убакыттан бери Тайип Эрдогандын саясатын колдоп келген түрк басылмасы АКШнын Орландо шаарында болгон каргашалуу окуядан каза тапкандарды "бузукулар" деп жазды. Бул тууралуу Daily Mail басылмасына таянуу менен РИА Новости маалымдады.

Шанхай шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шанхайдын эл аралык аэропортунда жарылуу болду
АКШнын Орландо шаарындагы гей клубда болгон атышуудан 50 киши каза болуп, дагы 50дөн ашык киши ооруканага жеткирилген. Бул каргашалуу окуяны жасады деп шектелип жаткан Омар Матин Федералдык иликтөө бюросуна чалып, "Ислам мамлекети" террордук тобун колдой турганын билдирген. АКШнын президенти Барак Обама болгон окуяны теракт деп атады.

Англиялык басылма Түркиянын Yenik Akit гезитинин интернет версиясы "Бузуку-гомосексуалисттер барган түнкү клубда каза болгондордун саны 50гө жетти" деген тема менен маалымат таратканын жазат.

Daily Mail аталган түрк басылмасы жөөттөрдү, армяндарды жана христиандарды сындаган материалдары менен таанымал экенин белгилейт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0