Россиянын 50 футбол күйөрманы Франциядан депортацияланат

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүРоссиялык күйөрмандан Англия - Россия беттешинде. Архив
Россиялык күйөрмандан Англия - Россия беттешинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Франциянын атайын бөлүктөгү жоокерлери россиялык күйөрмандарды тыкыр текшерип жатканы айтылган.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Россиянын бир автобус күйөрманы Франциядан депортациялана турганын Бүткүл россиялык күйөрмандар бирикмесинин президенти Александр Шпрыгин билдирди. 

Анын айтымында, буга чейин Франциянын атайын бөлүктөгү жоокерлери россиялык күйөрмандарды тыкыр текшерүүгө алышкан. Россия — Словакия беттеши эртең, 15-июнь күнү болот. 

"Учурда автобусту токтотуп, ичиндеги күйөрмандарды текшерүүдө. Жалпысынан 50 адам барбыз. Биз Марселдеги баш аламандыкка катышкан эмеспиз. Ага карабай бийлик көрсүн үчүн күйөрмандардын официалдуу делегациясын депортациялоодо", — деди Шпрыгин. 

Окуя болгон жерге Россиянын консулдук кызматкерлери келишти. Алар Франциянын расмий бийлиги тарабынан эч кандай билдирүү түшпөгөнүн белгилейт. 

Украина жана Германия оюнчусу беттеште. Архив - Sputnik Кыргызстан
Евро-2016: үчүнчү күнү үч беттеш өтүп, дарбазага төрт гол кирди
Көп өтпөй Франциянын расмий бийлиги Россия күйөрмандарын өлкөдөн чыгаруу каралып жатканын жарыялады. Бийлик бул кадамын күйөрмандар коомдук тартипти бузушу мүмкүн деген жүйөө менен түшүндүрүүдө. 

Эске сала кетсек, Франциянын Марсель шаарында Россия менен Англиянын командалары тең чыккандан кийин болгон жаңжалдан жабыр тарткандардын саны 40ка жакындаган. Анда россиялык күйөрмандар англичандардын аймагына кирип барып желегин тытууга аракет кылган. 

Ал ортодо UEFA окуя кайталана турган болсо? Россия менен Англия чемпионаттан четтетилерин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0