Крокодил тиштей качкан бөбөктүн сөөгү табылды

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүКрокодил. Архив
Крокодил. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оринж аймагынын шерифи Жерри Демингс журналисттерге баланы суунун эки метр терең жеринен таап чыгышканын айтып берди.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Куткаруучулар АКШнын Walt Disney World деп аталган курортттук отелден крокодил тиштей качкан эки жашар баланын сөөгүн таап чыкты. Бул туурасында РИА Новости CNN телеканалына шилтеме кылып кабарлады.

Аллигатор бөбөккө үй-бүлөсү менен ошол жердеги көлдүн жээгинде жүргөндө кол салып, атасы уулун жырткычтын азуусунан алып кала албай калган.

Оринж аймагынын шерифи Жерри Демингс журналисттерге баланы суунун эки метр терең жеринен таап чыгышканын айтып берди. 

"Бөбөктүн денеси бүтүн бойдон экен. Аллигатор сүйрөп барып, сууга чөктүргөн. Издеген куткаруучулар аны денесин суунун эки метр терең жеринен таап чыкты", — деди Демингс.

Токой. Архив - Sputnik Кыргызстан
Японияда токойго ташталган бала бир жумадан кийин табылды
Ал учурда укук коргоо органдары пляжда тиешелүү коопсуздук чаралары көрүлгөн беле деген маселени иликтеп жаткандыгын айтты.

Жээктеги тактайчада "сууга түшкөнгө тыюу салынат" деген жазуу илингени менен ал жерде коркунучтуу жаныбарлар бар экендиги эскертилген эмес. 

Флориданын жаратылышты коргоо башкармалыгынын өкүлү Ник Уили адистер бөбөктүн өмүрүн кыйган канкор аллигатор изделип жаткандыгын айтты. Шериф издөө иштери учурунда беш аллигатор кармалып, өлтүрүлгөнүн билдирди. 

"Балким, алардын арасында баланы тиштеп кеткен крокодил болушу мүмкүн", — деди ал. 

Walt Disney World көңүл ачуучу комплексинин президенти Жорж Калогридис ата-энесине уулунун каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0