ЖМК: кытайлык студент кыздар интимдик сүрөттөрүн күрөөгө коюп насыя алышкан

© AFP / LOIC VENANCEТуфли кийген кыз. Архив
Туфли кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Насыя берүүнүн мындай түрү социалдык тармактардын колдонуучуларын ызалантты.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Кытайда студент кыздарга насыя берүүнүн жаңы ыкмасы иштеп келет. Күрөөгө кыздардын жылаңач сүрөттөрү коюлган. Бул тууралуу The Guardian агенттиги жазып чыкты.

Насыя берүү интернет-портал аркылуу жүргүзүлүп келген. Анда эки тарап насыянын алыш-бериши боюнча талаптарды өз ара чечишип алышкан.

Снайперлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Снайпер, сойку, стриптизер — "жашыруун" иштеген кыргызстандыктар
Эгер берилген насыя убагында кайтарылбаса кыздардын сүрөттөрүн порнографиялык сайттарга жайгаштырыларын айтып, коркутушкан. 

Маалымат каражаттары жазып чыккандай, студент кыздар насыя алуу үчүн жылаңач сүрөттөрүн гана эмес, документтеринин көчүрмөсү менен үй-бүлөсү тууралуу кыскача маалымат жазып берүүгө милдеттендирилген. 

Насыя берүүнүн мындай түрү кытайлык социалдык тармактардын колдонуучуларын ачуулантты.

Жаңылыктар түрмөгү
0