Окинавадагы АКШ аскер базасына каршы митинге чыккан жашоочулар. Архив

Миңдеген япондуктар Окинавадагы АКШ аскер базасына каршы акцияга чыгышты

68
Окинавада 50 миң америкалык жаран бар. Алардын 30 миңи аскер базаларында иштешет.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Миңдеген япон жарандары Окинава аралында АКШнын аскер базасына каршы акцияга чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости Reuters агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

"Каршылык акциясы АКШ менен Япониянын мамилесинин төмөнкү деңгээлге түшүп кеткенин көрсөттү. Мындан улам АКШнын аскер базасын Япониянын башка аймагына көчүрүү маселеси чоң суроону туудуруп жатат", — деп айтылат агенттик жазган маалыматта. 

Окинавадагы мындай массалык каршылык 20 жыл мурун АКШнын үч аскер кызматкери 12 жаштагы япон кызын уурдап кетип, зордукташкандан кийин болгону маалыматта белгиленет. 1996-жылы АКШ менен Япония Окинавада жайгашкан аскер базасын аралдын башка бөлүгүнө көчүрүү боюнча чечимге келишкени менен ишке ашпай калган. 

Аралда АКШнын аскер базасына карата каршылык акциялары ар дайым өтүп турат. 

Үстүбүздөгү жылдын ичинде эле америкалык аскерлердин катышуусунда эки чоң окуя болуп өттү. 

Май айынын акырында америкалык 32 жаштагы Кеннет Франклин 20 жаштагы япон кызынын өлүмүнө катыштыгы бар делген шек менен камакка алынган. Кыздын жансыз денеси токойдон табылган. 

Ал окуядан кийин америкалык офицер айым унаага мас абалында отуруп, жол кырсыгын шарттаган. Натыйжада ал дагы камакка алынган. 

Окинавада 50 миң америкалык жаран бар. Алардын 30 миңи аскер базаларында иштейт. Аталган арал 1972-жылга чейин америкалыктар тарабынан оккупацияланган. Анын бештен бир бөлүгү азыркыга чейин АКШнын аскер кызматкерлери тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

68
Белгилер:
аскердик база, акция, Окинава префектурасы, Япония, Америка
Тема боюнча
Эрдогандын жан сакчылары менен АКШнын атайын кызматынын өкүлдөрү жакалаша кетти
АКШнын аскери Окинавада япон кызын зордуктаганын мойнуна алды

Кескелдирикти кебелбей жутуп койгон кобранын видеосу

73
(жаңыланган 19:02 23.06.2021)
Жыланга жолуккан кескелдирик канчалык жан далбас кылып бошонуп кетүүгө аракеттенгени менен кутула албай, курмандыкка айланды.

"National Geographic Россия" сайты Крюгер паркында болгон окуя тууралуу жазды.

Ал жердеги туристтер биринчи мозамбик кобрасын байкашкан. Жылан көздөп турган олжосуна дароо кол салбай, бир аз байкоо салып турган. Кыймылсыз жаткан кескелдирик качууга аракет кылып секиргенде кобра андан да катуу ылдамдык менен муунта, бекем оролуп алганга жетишкен.

Берки жаныбар канчалык аракет кылып чабалактаганы менен баары бир кутула албай, акыры жем болгон.

Видеодон алгач кумдуу жерде экөө кармашып, бирок баары бир кобра артыкчылык кылып, бир нече убакыттан кийин кескелдирикти толугу менен жутуп, андан соң чөптү аралай сойлоп кеткендигин көрүүгө болот.

73
Белгилер:
уу, кескелдирик, кобра, Крюгер паркы
Тема боюнча
Илбирс камераны аз жерден чайнап кое жаздады. Видео
Бир бакта өскөн 40 түрлүү жемиштер. Видео
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив

Путин: Россия өзүнүн жана коңшулардын коопсуздугу үчүн баарына даяр

60
Владимир Путин Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабай турганын, ал эми дүйнөлүк жана аймактык көйгөйлөрдү саясий-дипломатиялык ыкма менен чечишүүгө даяр экенин белгиледи.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Москва шаарында өтүп жаткан эл аралык коопсуздук боюнча IX Москва конференциясында Россия президенти Владимир Путин өз өлкөсүнүн эл аралык мамилелер жаатындагы позициясын эске сала кетти.

РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, Путин Россия өз элинин коопсуздугу үчүн бардык аракеттерди көрөрүн айтты.

"Кечээ өлкө тарыхындагы эң өкүттүү даталардын бирин белгиледик. Туура 80 жыл мурда фашисттик Германия биздин мамлекетке кол салган. Бул окуя бизге чоң сабак болгон. Андыктан Россия өз элинин коопсуздугу үчүн колдон келген аракетин жасайт. Куралдарыбызды күчтөндүрөбүз, дипломатия жолу менен сүйлөшүүгө аракет кылабыз, кызыкдар тараптар менен диалогго барабыз", — деди Путин.

Ошол эле учурда президент Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабай турганын, ал эми дүйнөлүк жана аймактык маселелерди саясий-дипломатиялык ыкма менен чечишүүгө даяр экенин айтты.

"Россия эч качан өз оюн башкаларга таңуулабайт. Дүйнөлүк жана аймактык көйгөйлөрдү саясий-дипломатиялык ыкмалар менен чечишүүгө салым кошкубуз келет. Россия жаратмандыкты колдойт", — деди РФ лидери.

Мындан тышкары, Путин Россия коңшу өлкөлөрдүн коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү экенин эч качан унутпасын белгиледи.

"Коңшулар менен ажырагыс тарыхый жана маданий байланышыбыз бар. Биз алардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилигибизди унутпайбыз. Биздин жалпы континентибиздеги тынч жашоо жана ачык асман үчүн аймактык чыр-чатактарды басаңдатууга салым кошо бермекчибиз", — деди ал.

Эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясы — коргоо мекемелеринин, эл аралык уюмдардын жана бейөкмөт эксперттердин башын бириктирип, коопсуздук боюнча жыл сайын өтүүчү форум.

60
Белгилер:
диалог, коопсуздук, регион, Владимир Путин, Россия
Тема боюнча
Путиндин макаласы: өткөнгө карап кылчактай бербей, ачык болуш керек
Массалык жок кылуучу куралдын жайылуу коркунучу. Путин Москва форумунда сүйлөдү
Бишкектеги эл аралык Манас аэропортундагы ПЦР лабораториясы. Архив

"Манас" аэропортундагы ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады

10
(жаңыланган 20:08 23.06.2021)
Лаборатория июндан тарта иштей баштаган. Тест тапшыра турган жарандар аэропортко 5-6 саатка эртерээк келиши керектиги айтылды.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортундагы коронавирусту аныктоочу ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы кабарлады.

Лаборатория ачылгандан бери (1-июнь) ПЦР-тест эртең мененки саат 8:00дөн кечки 18:00гө чейин жасалып келген. Ошондой эле "COVID жок саякаттайм" программасына катышкан.

Тесттин жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан табууга болот. Же болбосо "Манас" аэропортунун 1-кабатынан үч тилде кагазга чыгартып алса дагы жарайт.

"Манас" аэропортуна түштүк кореялык корпорация ПЦР-лаборатория ача турганы 21-майда белгилүү болгон. Өкмөт башчы Улукбек Марипов менен жолуккан фирманын жетекчиси COVID-19га бир күндө 14 миң адам тест тапшыра аларын билдирген.

10
Белгилер:
ПЦР-тест, корпорация, Түштүк Корея, "Манас" эл аралык аэропорту
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Вакцинадан баш тартуу COVID-19дун организмде мутацияланышын шарттайт
COVID: Марипов министрлер кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрмөй болду