Тайгада көз жарган аялды полиция аюудан сак-сактап турду

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүТокой. Архив
Токой. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сазга батып калган маалда аялдын толгоосу башталган.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Якутиялык дарыгерлер тайгада кош бойлуу аялды төрөтүп жатканда полиция кызматкерлери кош бойлуу келин менен медиктерди аюулардан кайтарып турушту. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигине таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Талас шаарында коммерциялык банктын кызматкери Мирлан Токтошев. - Sputnik Кыргызстан
Токтошев: агып келе жатканда куурчак деп ойлогом, бала экенин көрүп сууга секирдим…
Маалыматка ылайык, ай-күнүнө жетип калган аял күйөөсү менен туугандарына жардам берүү үчүн балык уулоочу жайга барган. Үй-бүлө көлгө тайга аркылуу жөнөшкөн. Ишемби күнү аялдын толгоосу башталып, күйөөсү, сиңдиси болуп аны машина менен ооруканага алып жөнөшкөн. Бирок унаа сазга батып, таптакыр өчүп калган. Кош бойлуу аял сиңдиси менен машинада калып, эркек уюлдук байланыш тарта турган жер издеп жөнөгөн.

"Ишемби күнү жергиликтүү убакты боюнча саат 23.28де Тез жардамга Мирный шаарынан алыс жерде толгоосу бышып калган аял тууралуу маалымат түшкөн. Тез жардам унаасы, ӨКМ жана полиция кызматкерлери дароо айтылган аймакка чыгышкан. Бирок саздан улам келинге жакыныраак келүүгө мүмкүн болгон эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Жардамга келгендер бир нече саат жөө басып, аялдын жанына келишкен. Кан көп кеткендиктен төрөт оор болгон.

ӨКМ куткаруучулары менен полиция кызматкерлери аял менен дарыгерлерди ошол жерди айланчыктап жүргөн аюулардан калкалап турушкан. 

"Жардамга жөнөтүлгөн унаалардын баары сазда калды. Аялды ымыркайы менен трассага чейин көтөрүп барууга туура келди. Ал жерден төрөткананын дарыгерлери тосуп алып, эне-баланы ооруканага алып кетишти", — деп айтылат билдирүүдө.

Дарыгерлердин айтымында, аял менен наристенин абалы канааттандырарлык.

"Ымыркай кыздын абалы жакшы, салмагы — 3,49 килограмм, бою — 52 сантиметр", — деди башкы дарыгер Татьяна Стручкова.

Өз учурунда көрүлгөн медициналык жардамдан улам учурда эне менен баланын өмүрүнө эч кандай кооптуулук жаралган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0