Окумуштуулар инфарктты 5 жыл мурда биле турган тест түзүп чыгышты

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Антителалардын канда көп топтолушу инфаркт жана жүрөк кан тамыр ооруларына чалдыгуу кооптуулугун 58 пайызга, ал эми инсультка кабылуу коркунучyн 38 пайызга азайтаарын көрсөткөн.

БИШКЕК, 21-июн — Sputnik. Британ медиктери инфарктты беш жыл мурда биле турган тест түзүп чыкты. Бул туурасында РИА Новости EBioMedicine журналына таянып маалымат жарыялады.

"Күчтүү иммундук система адамды инфаркттан сактай тургандыгы биз үчүн кызыктуу ачылыш болду. Кандай адамдар инфаркт илдетине кабылып калышы мүмкүн экендигин биле алабыз. Бизде эми оору менен күрөшө турган канал бар",— деп айткан Лондондогу империялык колледждин өкүлү, окумуштуу Рамзи Хамис Telegraph гезитине.

Алар бир нече жыл катары менен кан басымы көтөрүлүп, бирок, жүрөк жана тамырлардын илдетине кабылбаган эки миңге чукул адамдарды изилдешкен. 

Дем алыш күндөрү көп уктоо диабет жана инфаркт оорусуна кабылуу коркунучун жогорулатат
Үч жыл илгери Хамистин командасы IgG түркүмүндөгү адаттан тагыраагы, бактериялар менен вирустук бөлүкчөлөргө эмес, кан тамырлардын ичине толуп кете турган холестериндин ар кыл типтерине кыргыйдай тие турган антителаларды ачкан. Алардын бир бөлүгү организм үчүн пайдалуу болгон.

Окумуштуулар мындай антителалардын арбын топтолушу инфаркттын, кан тамырлардын, жүрөктүн жана башка жүрөк кан тамыр ооруларынын, инсульттун өнүгүшүнө кантип таасир берээрин текшерүүнү максат кылган. Албетте, бул үчүн жогорудагы эки миңге чукул кишинин саламаттыгын тыкыр көзөмөлдөп турушкан.

Жыйынтыгында, антителалардын канда көп топтолушу инфаркт жана жүрөк кан тамыр ооруларына чалдыгуу кооптуулугун 58 пайызга, ал эми инсультка кабылуу коркунучу 38 пайызга азайткан.

Ошентип, Хамис кишинин инфаркт же инсультка чалдыгуусун беш жыл мурда эле алдын ала билүүгө болорун айтты.

"Чогултулган маалыматтар менен изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен эмне үчүн иммундук система жүрөктүн кармап калышынан сактаса, эмне үчүн бир катарларына андай жардам бере албай тургандыгын аныктайбыз деп үмүттөнүп жатабыз",— деди Хамис.

Бул азыр медиктер коомчулугунда кызыгууну жаратып жаткан чак.

Жаңылыктар түрмөгү
0